«Улуттук баалуулук-тарбиялоонун негизги булагы» семинар.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө» №303 Жарлыгын ишке ашыруу максатында 18-декабрь күнү биздин №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Улуттук баалуулук-тарбиялоонун негизги булагы» темасында тарбия иштери боюнча семинар болуп өттү.
Семинардын максаты: Улуттук баалуулуктардын маани-маңызын тереңдетип окутуу, ата-бабалардын басып өткөн жолун жаш муундарга жеткирүү.
Семинарга РБББнүн методисттери,райондук мектептердин тарбия завучтары катышышты.Семинардын жүрүшүндө: концерттик программа, презентация, мастер класс, баланы бешикке салуу жөрөлгөсү, тушоо кесүү салты, тегерек стол өткөрүлдү.
Семинарга келген катышуучулар: «Семинар жогорку деңгээлде өтүп, максатына жетти»- деген жылуу пикирлерин билдиришти.
Добавить комментарий