A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат"

МЕНЮ

Летопись

Мектептин тарыхы

№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин летописи.

             1926-жылы Чет-Булакта Советтик мектептин ачылышы болду.Ал мектепке 40тан ашык окуучу тартылган.Мектепке Жалал-Абаддан келген Умотов Маат деген мугалим араб тамгасын окуткан.

1927-жылы окуу жылында Султанаалынын тамын мектеп кылып,туштуктон келген Бактыяр аттуу татар улутундагы мугалим берген.Ал сабак беруу менен бирге эле элдин турмушундагы озгоруулор,эл аралык абалдар боюнча айтып берээр эле.

1933-жылы сабатсыздыктарды жоюу боюнча мектеп Кылдоодо ачылган.Ал мектептин директору Жооров Абдырахман болгон.

 

Чет-Булака айылында 1946-жылы торт жылдык мектеп ачылган,анын директору болуп Мааткеримов Мааша эмгектенген.Ошол мезгилде Арзыматов Самсалы,Абдраимова Жумаш,Атыкулова Рахат, Апиева Кайрынса,Курманалиева Кенжештер мугалим болуп иштешкен.Маашанын эмгеги Тогуз-Тородо зор болгон,ал озу балдакчан,бир буту жок болсо да,болгон кучун балдар учун жумшап,жолдун алыстыгына карабай окуучуларга бир тамга болсо дагы уйротуп кетээр эле.

Согуштан кийин 1947-жылы Чет-Булак мектеби 7 жылдык болуп ачылат.

1947-жылы Ат-Башынын Кара-Суусунан келген Куланбаев Чалбай директор болгон.Ал мезгилде Сатыбалдиев Кенешбек,Саали Шералиевдер мугалим эле.Чалбай агайдын мектеп учун кылган эмгеги зор болгон.Себеби,ал токойдон теректерди алып келип, мектептин айланасын жашылдандырууга чон салым кошкон эле.

1954-жылы Кочкорлук Энтериева директор болуп дайындалган, озу географ болгон.

1956-59-жылдары сырттан келген Куронкээв Жумагазы директор болуп дайындалган.

1959-62-жылга чейин Дооронбекова Кебер Тогуз-Торо районунан биринчи аялдардан чыккан директор болгон.Дооронбекова Кебердин тушунда мектептеги 4 жылдык “карликовой” класс жоюлган.

Ошол жылы Кош-Дободон келген Аяткан директор болуп дайындалып,ал учурда Камбаралиева Батыйна,Жумабекова Таарындыктар мугалим эле.

Чет-булак мектеби 7 жылдык болгондуктан айылдын окуучулары Казармандан,Атайдан,Аралдан окууларын улантканга мажбур болушкан.Ошентип, толук билим алып, оз айылына мугалим болуп иштеген биздин агайларыбыз Арзиев Канчоро, Чукулдаев Жакаш, Абдыжапаров Маатмуса,Танаев Калманбет.

1964-жылы Мамбеталиев Ырысаалы директорлук кызматка келет.

1950-жылдан баштап Чет-Булак мектебинин алдынкы бутуруучулору райондо,республикада жогорку кызматтарды аркалаган  белгилуу атуулдарыбыз: Касымбеков Суранчы, Бурканов Атайбек, Акматов Токтосун,Токталиев Жаныш, Жаныкээв Доктурбек ж.б.

1965-жылы Абдырахманов Кадыр директорлук кызматка келет.

1966-67-жылдар арасында Салиманов Туйтобай директорлук кызматты аркалаган.

1967-1974-жылга чейин Абдыжапаров Маатмуса директорлукка келет.Мектеп жараксыз абалда болгондуктан 2 корпустуу 150 орундуу ошол учурдун талабына ылайык келген заманбап мектепти салдырган.Бул кишинин дагы бир эмгеги ошол учурда айнек жок болгондуктан, мектептин  терезелерине айнекти Рыбачьеден бир топ кыйынчылыктар менен алып келген экен.

1972-жылы Чет-Булак мектеби 8 жылдык болуп озгорду. Ошол учурдагы эже-агайлар Айтматова Саткын, Арыков Тыныбек, Калиев Токтомуш, Мурзабеков  Эсенкан, Атыкулова Жыпаркан, Муканбетов Оморбек, Артыкбаев Карыбек, Жакыпбекова Гулшайыр эмгектенишкен.

1974-76-жылга чейин Стамбаев Шамыркан мектеп директору болуп дайындалат.Стамбаев Шамыркан мектептин айланасына алма-орукторду жана мектептин алдына кара жыгачтардан аллеяны негиздеген.Ал эми мектептин артына теректерден парк курган.Ал теректерди айылдын эли “Шамыркандын теректери” деп аташчу.

1976-77-жылдары Абышбаев Абдалы директор болуп эмгектенген. 1977-жылы Чет-Булак орто мектеби 10 жылдык болуп тузулгон.

Абышбаев Абдалы 13 класс кабинетин тузгон, ошол учурдун талабына ылайык класс кабинеттери техникалык каражаттар менен толукталып, сабактар ар бир класс кабинеттерине кочуу менен откорулуп туруучу.

Ал мезгилдеги эмгектенген мугалимдер: Калиев Райымкул, Жумагазиева Калбубу, Чукунова Бурулча, Турдалиева Токтобу,Тотонов Адылбек, Субакожоева Замира, Айтматова Саткын, Атыкулова Жыпаркандар областтык пед.чтениелерге жаны усулдук сабак методдорун жайылтуу менен алдынкы баскычтарга чыга алышкан.

1981-жылдан 1988-жылга чейин Эралиев Токтобай мектеп директору болуп келет.Токтобайдын учурунда мектептин артына комуркана жана устакана салдырган.Ошол мезгилдеги мектептин бутуруучулору кайрадан айылдын мектебине келип, азыркы учурга чейин эмгектенуудо.

Аларды атасак: Балапанова Зулайка, Нарматова Октом, Бекова Керез, Балапанова Гулгаакылар.

1988-1993-жылга чейин Ашырбеков Акен директор болот.1990-жылдан бери карай 11 жылдык мектеп болгон.

1993-1995-жылдар аралыгында Базаров Эсенкан директорлукка шайланат.

1995-2001-жылга чейин Калиев Райымкул директор болуп дайындалат.

2001-2002-жыл ичинде Артыкбаев Карыбек директорлукка келет.

2003-2005-жылдар арасында Эгешова Гулжамал Зарлыковна директор болот.Ошол учурда мектепке айыл эли жана мугалимдер жамааты менен бирдикте ашар жолу менен актовый зал салдырып жана “Манас” залын уюштурган.

2005-2008-жылдары Казыбаев Жапаралы директор болуп дайындалат.

2006-жылыдан баштап Чет-Булак орто мектебине Маатмуса Абдыжапаровдун наамы берилген.

Анда мектеп Абдыжапаров Маатмуса орто мектеби болуп аталып калат.Ал мезгилдеги алдынкы мугалимдер, профсоюз кабинетинин уюштуруучусу Далиева Айтбу,Бакаева Кенжебу, Жапаркулова Токтобу, Султангазиева Тамара, Жакишова Гулгаакы, Торогелдиева Нуржан ж.б.

2008-2021-жылга  чейин мектеп директору болуп Орунбаева Назира Эркинбаевна иштеген жылдары мектеп бир топ ийгиликтерге жетишкен.Кадрдык жана билим сапаты боюнча мектептин ишинде коптогон озгоруулор болуп мектептин ишин алга жылдырууга зор салымын кошкон.

2021-жылы мектеп директору болуп Орозова Жылдыз Токтобековна дайындалып учурда эмгектенип жатат.

© 2025 - №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби