«PISA-2025» даярдык
№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили,кыргыз адабияты мугалимдери Асанбекова Гүлзар,Мамбеталиева Майрамбү,Жумабек кызы Айзат «PISA-2025″ке даярдык көрүү максатында райондук семинарга катышып келишти.Аты аталган мугалимдер мектеп ичиндеги жалпы педагогдорго тренинг өтүштү.
Тренингдин максаты:Мугалимдерге PISA-2025 жөнүндө түшүнүк берүү,тренингде алган билимин сабактарда колдонуп,окуучуларды PISA-2025 тестине даярдоо.
Белгилей кетсек, PISA (Programme for International Student Assessment?PISA)- окуучулардын билим жетишендиктерин баалоонун эл аралык программасы.Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат.Изилдөө окуучулардын сабаттуулугун,мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт.
Добавить комментарий