A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат"

МЕНЮ

Пайдалуу маалыматтар

https://www.okuma.kg/-кыргыз тилинде электрондук китепкана сайты

https://kitep.edu.gov.kg/-электрондук китепкана сайты

http://neb.kg/-Кыргызстандын улуттук электрондук китепканасынын сайты

http://olimpiada.kg/home/olympiada2018- Билимкана олимпиадалары

https://ilim.kg/index.php/kg/ish-kagazdary/erezheler- окуучулар үчүн эрежелер

Кыргызча ПИЗА 2025 19.10.22

Окуучулардын жүрүм-турум эрежелери

Пайдалуу маалыматтар – Черняховский атындагы жалпы билим берүү орто мектеби

Тез окуу — учурдун эң чоң талабы

Тез окуу – ѳзгѳчѳ ыкмаларды колдоно билүү менен тексттеги маалыматты тез түшүнүп алуу. Кѳпчүлүк бир мүнѳттѳ 120-180 сѳз окушат. Изилдѳѳнүн жыйынтыгы 60 сѳздү тѳмѳнкү кѳрсѳткүч деп тапса, жогорку кѳрсѳткүч 378 сѳз болгон. Демек, адам ортоңку кѳрсѳткүчтѳ болуусу үчүн бир мүнѳттѳ 201 сѳз окушу керек. Ал эми тез окууну ѳздѳштүрүү менен бул кѳрсѳткүчтү 3-4 эсеге кѳбѳйтүүгѳ болот. Бул ыкманы 1878-жылы француз врач-офтальмологу Луи Эмиль Жаваль аныктаган. Ал кѳз сүйлѳмдү окууда ар бир тамгага токтолбостон, секирик жасоо менен 3-4 жерге гана кыска тыным кыларын билген. Изилдѳѳлѳр кѳздүн кѳрүү талаасы алда канча кенен экенин аныктаган. 1894-жылы бул тууралуу алгачкы макала басылып, ал кѳпчүлүктүн кызыгуусун арттырган. Ал эми тез окуу боюнча биринчи курс 1925-жылы АКШнын Нью-Йорк штатындагы Сиракьюс университетинде ачылган.

Биз эмне үчүн тез окуй албайбыз?

Себеби бизди мектеп жашыбыздан китепке болгон сүйүүбүздү жоготуп окутушкан жана туура эмес ыкма менен тез окууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү чектеп салышкан. Эсиңизде болсо, мурда, тилекке каршы, азыр деле кѳп мектептерде баланы мүнѳткѳ ченеп окутууда сѳѳмѳйү менен сапты сыдырып, ар бир сѳзгѳ токтолуп, үнүн чыгарып даана окууга үйрѳтүшѳт. Дал ушул жерден баланын физиологиялык жактан тез жана кѳп сѳз окуу мүмкүнчүлүгү талкаланып, тар формага кептелет. Мындан кийин анын кѳзү бир саптан кѳп саптарды кѳрѳ билүү мүмкүнчүлүгүн жоготот. Мээнин кабыл алуусу да жайлайт. Ал эми кѳз тез окуудан эмес, жай окуудан чарчайт. 

   Тез окуу үчүн эмне керек?

1. Каалоо, кызыгуу. 36 тамганы тааныган ар бир адам тез окууну ѳздѳштүрѳ алат. Болгону, анда тез окууга болгон терең кызыгуу менен ѳздѳштүрүү үчүн чексиз каалоо болушу керек.

2. Ишеним. Тез окууга жетишүү үчүн бир канча кѳнүгүүлѳрдү жасап, машыгууга туура келет. Ал кѳнүгүүлѳрдү ар бир адам ѳз алдынча жасаса болот. Алар 7 жаштан 70 жашка чейинки бардык адамдар үчүн жеткиликтүү, түшүнүктүү. Болгону, ал машыгуулар сизди тез окууга жеткирерине ишенишиңиз шарт.

3. Аракет. Эч бир ийгилик аракетсиз болбойт. Тез окууну ѳздѳштүрүү үчүн да күн сайын бир маал убакыт бѳлүп, машыгууну токтотпоо керек. Кокус эле аракетиңиз токтоп калса, мүнѳт сайын кѳбѳйүп бараткан сѳздѳр артка кетип кемип баштайт.

 

 

Кулактандыруу!

Республикалык математикалык олимпиада
I этап — 2023-жылдын 5-мартында онлайн түрүндө;
II этап -2023-жылдын 19-мартында Бишкек шаарында Кыргыз-Швед математикалык мектебинин базасында өткөрүлөт.
Олимпиадага 6-11-класстардын окуучулары катышат. 

РОМ 3 Кулактандыруу

© 2025 - №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби