Биздин жаңылыктар
Манас-кыргыздын көөнөрбөс мурасы!
5-март күнү Кыргыз тили ийриминин жетекчиси Мамбеталиева Майрамбү тарабынан «Манас-кыргыздын көөнөрбөс мурасы!» темасында иш чара болуп өттү.Иш чарага ийримге катышкан окуучулар активдүү катышып Манас эпосунан үзүндү аткарышып,Манас айтуу менен коштолуп,жыйынтыгында окуучуларды үч топко бөлүү менен Манас таануу бөлүмү болду. Анда Манас эпосу боюнча суроолорго жооп берүү менен жыйынтыгында «Айкөл» тобу жеңишке ээ болушту.Командалар кызыктыруучу сыйлыктар
Подробнее
Улуттук онлайн баарлашуу
Бүгүн 5-март күнү биздин мектепте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Ү.Жапаров менен 5-класстын окуучулары интернетке туташтырылган компьютер жана камера менен ZOOM платформасы аркылуу»Санариптик технологияларды үйрөнүүнүн мааниси» темасында улуттук онлайн баарлашуу болду.Онлайн баарлашуу абдан кызыктуу өтүп, катышкан окуучулар жакшы ой пикирлерин айтышты.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Ү.Жапаров менен биздин мектептин окуучулары онлайн баарлашкандарына абдан кубанычтабыз жана
Подробнее
«Ачык эшиктер күнү»
2-март күнү биздин мектепте «Тарых,биология,музыка,технология,көркөм өнөр,информатика,дене тарбия» усулдук бирикмесинин «Ачык эшиктер күнүнө» карата төмөндөгүдөй ачык үлгүлүү сабактар өтүлдү: Дене тарбия предмети.10-класс.Жумакадыр уу Ж. Тема»Топту алдап таштоо». Информатика предмети. 6-класс. Жумабек к А. Тема:»Текстти редакциялоо,форматтоо» Музыка пердмети. 7-класс.Асанова А. Тема: «Музыка жана көркөм чыгармачылык». Биологоия предмети. 7-класс. Рахман к Ж. Тема: «Сойлоп жүрүүчүлөрдүн көп түрдүүлүгү».
Подробнее
«Атам,апам жана мен» спорттук иш чара
2-март күнү даярдоо класстын класс жетекчиси Ниязова А тарабынан уюштурулган ата-энелер жана окуучулардын катышуусу менен «Атам,апам жана мен» аталышындагы спорттук иш чара болуп өттү.Иш чарага ата-энелер активдүү катышып, эки топко бөлүү менен жыйынтыгында «Ынтымак» командасы жеңишке ээ болуп,кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Подробнее



















