A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат"

МЕНЮ

«Окуу керемет» ата-энелер чогулушу


4 03 2024
164

Окуу керемет долбоорунун негизинде башталгыч класстардын (1-4-класстар) арасында №9-10- Ата-энелер чогулушу “Балдардын жазуу көндүмдөрүнүн өнүгүшүнө ата-энелердин салымы”  жана “Баланын ийгилиги ата-энеден көз каранды” темаларында жалпы башталгыч класстардын ата-энелери менен бирдикте башталгыч класстын бирикме жетекчиси Бозжигитова Мээрим, башталгыч класстын класс жетекчилери менен чогулуш өтүлдү. Чогулуштун жүрүшүндө ата-энелерге жагымдуу маанай тартууланды (шариктер менен).

Чогулушту бирикме жетекчиси Бозжигитова Мээрим ачып, 1-кадам боюнча чогулуштун темасы жана максатын ата-энелерге  тааныштырды.

2-кадам боюнча ата-энелерге анкета таратылып,  ар бир ата-эне анкетаны өз алдынча толтурушту.

3-кадамда жалпы ата-энелер менен анкета боюнча талкуу жүргүзүлдү. Ар бир ата-эне өздөрүнүн балдарын канчалык деңгээлде билгендери тууралуу талкуулашты.

4-кадам. Ата-энелерди топко бөлүү “Бөлүкчөдөн бүтүндү чогулт”.  Барактарга макалдардан бирден сөз таратылып, макалды чогултуп, макалдардын жардамы менен 3 топко бөлүнүштү.

5-кадам. Топто иштөө. Ар бир топ макалдын мазмунун талкуулашты. Үч топко тапшырмалар берилип, ар бир топ флип-чартка жоопторун жазышты. Топтор презентациялашты. “Таасир берүүчү пирамиданын” деңгээлдери боюнча жыйынтыкташты.

6-кадам. “Аутсайдер” оюну. Класс жетекчилер бардык ата-энелерди ортого чакырып, эки катышуучуну бөлмөдөн чыгарып, ойнотушту. Оюндун аягында класс жетекчи талкуу уюштурду.

Чогулуш 8 кадам менен уюшулуп, кызыктуу өттү. Үйгө тапшырма берип, ата-энелер чогулушу жыйынтыкталды.

Бардык ата-энелерге ыраазычылык билдирип, бирикме жетекчиси чогулушту жыйынтыктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2025 - №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби