A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат"

МЕНЮ

Маалыматтык китепкана кызматы

МААЛЫМАТТЫК — КИТЕПКАНА КЫЗМАТЫ

Китеп  — ой жүгүртүүнүн, пикир алышуунун, терен билим алуунун, эмгектин күчтүү куралы. Ал адамдардын руханий байлыгын көтөрүү менен бирге башка адамдардын турмушуна аралаштырат. Чыгармадагы каармандардын жакшы сапаттарын алууга тарбиялайт жана кайгы- капасын, оюн, умтулуусун түшүүнүгө жардам берүү менен жакшы жашоого жол көрсөтөт.

Щелкунская сельская библиотека - Сысертская районная библиотекаСысертская районная библиотека

Фонддогу окуу китептеринин жалпы саны – 4200 нуска,

Адабий китептер – 1000 нуска

Методикалык китептер-200 нуска

Окуу китептер -3000 нуска

Периодикалык чыгарылыштар – керектүү газета-журналдарга  жазылуу жүргүзүлгөн.

Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары окуу китептери менен мектеп фондунан 79 %  камсыз болгон.  Ата-энелер тарабынан 30% камсыз болушкан. Жаңы китеп мекемесинен өз убагында окуу китептер келип турат. Ал эми усулдук жана адабий китептерди мамлекет бир аз бергени болбосо, көпчүлүк адабий китептер демөөрчүлөр жана ата-энелер тарабынан сатылып алынат.

Китепканачы -Сырынбекова Анархан, стаж  15 жыл,билими атайын орто.0.5 ставка.

 

Электрондук китепкана жок, бирок китепкана заманбап техникалар менен камсыздалган,алар: компьютер, принтер, (ксерокөчүрмө А-4,А-3), интернет булагы.

Мугалимдер жана окуучулар интернет булактарын колдонуп керектүү материалдарды ала алышат.

Документтерди кабыл алуу жана бүткөн формага келтирүү өз убагында жүргүзүлөт. Бардык келген адабияттар китепкана фондусунун документтеринде катталган.

 

 

Лучшие книги по финансовой грамотности: подборка InVenture

Китепканага 1-11-класска чейинки  252 окуучу, 24 педагог жана мектеп кызматчылары жазылган. Орточо эсеп менен бир күндө китепканага 15-20 киши келет. Окуучулар китептерди реферат, билдирүү жазууга, ошондой эле көркөм адабиятты окууга алышат. Китепканачы тарабынан материалдарды тандоого, керектүү учурда сөздүктөр жана справочниктер менен колдонууга жардам көрсөтүлөт.

 

1-4 класстар үчүн китепканага тааныштыруу экскурсиясы жүргүзүлөт. Ал эми андан жогорку класстар китепканада күн сайын керектүү китептер менен тейленет.

Окуу жылынын ичинде китепканачы мектептин класстарындагы китеп секторлору менен китепти оңдоо, түзөө, формулярларды, картотекаларды жазуу боюнча иштерди  жүргүзөт.Китепканада мукабачылар ийрими иштейт.

Китепкана байлыгы кылымдан кылымга, муундан муунга сакталат.

Китепкананын фонду
Д-10 отчет
© 2025 - №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби