A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат"

МЕНЮ

Институтционалдык аккредитация

«№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү мектеби.

Институционалдык аккредитация

1. Киришүү

1. Аккредитациялануучу билим берүү программасы боюнча кыскача маалымат Мектептин №1 имараты 1972-жылы.№2 имараты 1973-жылы,ал ашар жолу менен курулган. Эң алгач Чет-Булак орто мектеби 8 жылдык болуп,1976-1977-жылдары Чет-Булак орто мектеби 10 жылдык болуп түзүлүп,1990-жылдан баштап 11 жылдык мектеп болуп түзүлгөн. 2006-жылдан баштап Чет-Булак орто мектеби №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби болуп аталган. Мектептин жалпы аянты- 1261.17м2. Менчиктин түрү-Муниципалдык Окутуу тили: кыргыз тилинде. 2021-жылдын ноябрь айында белгисиз себептен улам №1 корпус толугу менен күйүп кеткен. Учурда №2 имаратта 252 окуучу авариялык абалдагы мектепте окуп жатат.24 мугалим эмгектенет.Жылытуу системасы печкалар менен жылытылат. 2 Билим берүү уюмунун миссиясы: №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби базистик окуу планынын негизинде билим берүүнү камсыз кылат. Ата-энелер, коомчулук менен кызматташтыкта окутууну, тарбия берүүнү жүргүзүп, Мамлекеттик стандарттын негизинде программаларды толук өздөштүргөн билимдүү, компетенттүү, мекенчил жана маданияттуу бүтүрүүчүлөрдү чыгаруу. 3 Билим берүү уюмундагы жетекчинин аты-жөнү жана байланыш маалыматтары. Орозова Жылдыз Байланыш телефону: 0770617315 4 Билим уюмунун буга чейинки аккредитация жөнүндө маалымат. Аккредитациядан 2017-2018- окуу жылында өткөн. Сертификат №СС180009542 5.Мектептин дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы,Тогуз-Торо району, Чет-Булак айылы, Ынтымак көчөсү №13 Электрондук дареги: maatmusa.abdyjaparov@gmail.com Веб сайт: https:// abdyjaparov.edu.kg

2. Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана далилдөө

1. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты
Өзүн-өзү баалоо критерийлери
Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары
Тастыктоочу база
1.1
Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички акттардын болушу
Мектепте окуу- тарбия процесси КР Өкмөтүнүн 2022-жылдын 22- июлундагы №393 токтомдорунун редакциялары менен бекитилген Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, КР «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдарынын, мектептин уставынын, күбөлүктүн,ченемдик- укуктук актылардын негизинде жүргүзүлөт. Локалдык актылар педагогокалык кеңешмеде талкууланып, бекитилген. Мектептин окуу-тарбия процессинин жана документацияларынын жүргүзүлүшү,ченемдик актылардын иштетилип чыгышы, мазмуну мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык келет: • Мектептин Уставы • Ченемдик-укуктук актылар • Мектептин Базистик планы
13. окуучулардын жүрүм-турум эрежеси
https://drive.google.com/file/d/15mygFNh2tEHzExdv3wDM5vQbN8J815Ut/view?usp=share_link
1.2
Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу
Мектептин миссиясы: Ата-энелер,коомчулук менен кызматташып окутууну,тарбия берүүнү жүргүзүп,Мам стандарттын негизинде программаларды толук өздөштүргөн билимдүү,компетенттүү,мекенчил,маданияттуу бүтүрүүчүлөрдү чыгаруу. Мектептин миссиясынын негизинде стратегиялык план иштетилип чыгып,педагогикалык кеңешмеде каралып,бекитилген жана максаттарды койгон: 1.Мам стандартынын негизинде окутуу тарбиялоо процессинин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизип,окуучуларды курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык компетенттүүлүгүнө,билим сапатында туруктуу өсүү динамикасына жетишүү. 2.Окуучуларды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүгө жана дене тарбиясы жагынан жетиштүү деӊгээлдеги бирдиктүүлүктү камсыз кылууга тарбиялоо. Мектептин миссиясынын,стратегиялык планынын,максаттарынын,күтүлгөн жыйынтыктарынын макулдашылгандыгы окуу –тарбия процессин туура пландаштыруу жолу менен ишке ашырылат. 4-9-11-класстарды аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрүнүн модели иштелип, стратегиялык пландын негизинде ОТЖП жылдык иш планы иштелип чыккан.
1.3
Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын/түзүмдөрдүн болушу
Билим берүү сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу максатында стратегиялык пландан ОТЖПга деталдашырылат жана анын негизинде мектептеги тиешелүү ички түрлѳрүн усулдук кеңеш,усулдук бирикмелердин иши пландалат.Мында билим берүүнүн сапатын кѳтѳрүү боюнча иш аракеттер конкреттешилет.Ал эми жооптуу адамдардын окуу бѳлүмүнүн башчысы усулдук бирикмелердин башчыларынын,тарбия иштери боюнча уюштуруучунун функционалдык милдеттеринде билим берүүнүн сапатын кѳтѳрүү боюнча иш аракеттердин ѳздѳрүнүн деңгээлдеринде предметтик, усулдук бирикме алкагында, мектептик деңгээлде аныкталып,анын негизинде мектептин окутуу тарбиялоо процесси ишке ашат. Жылдын аякташы менен предметтер боюнча усулдук бирикмелер,кружок жетекчилер,класс жетекчилердин жылдык аткарган иши боюнча анализ жасалат. мониторинг жүргүзүлѳт.Жылдык цикл аяктаган сайын мектептин отчеттулук картасы толтурулат.Отчеттор берилет.Кыйынчылыктар менен коркунучтар аныкталып кийинки жылдын ОТЖПсына материалдар топтолуп ишке ашыруу пландаштырылат.
3. мектептин тузумдүк бөлүмдөрүнүн схемасы
https://drive.google.com/file/d/108jUBqvG7odEfQbJQBU8jhjLD71dWlGn/view?usp=share_link
1.4
Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы)
Кызматкерлердин,окугандардын жана социалдык өнөктөштүктөрдүн жүрүм-турумунун этикалык ченемдери,эрежелери педагогикалык кызматкерлер тарабынан талкууланып,сунуштоо жана кошумчалоо менен пед кеңешмеде кабыл алынган жана окуу- тарбия процесси ченемдик документтердин негизинде иштейт.Тартипсиздикти алдын алуу кеңеши системалуу иш жүргүзөт.Уюштуруучу,соцпедагог ИДН кызматкери менен тыгыз байланышта болуу менен алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзөт жана соцпедагог окуучуларга психологиялык жардам көрсөтүлөт. Жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдери менен мектепке жаңы келген окуучулар,кызматкерлер,ата- энелер тааныштырылат.Эрежелер мектептин жалпы ата-энелердин, окуучулардын, класстык мугалимдердин жана профсоюздук чогулуштарында каралып турат.Окутуу- тарбиялоо процессинин катышуучуларынын талаш-тартыш абалдарын чечүүдө арыздары мугалимдердин жана профсоюздук чогулуштарда,мектеп администрациясынын жекече сүйлөшүү жолдору менен каралат.Кыздар-балдар кеңеши пландын негизинде иштейт.
1. окуучулардын жүрүм-турум эрежелеринин жобосу
https://drive.google.com/file/d/15mygFNh2tEHzExdv3wDM5vQbN8J815Ut/view?usp=share_link
3. Мектептин ички эмгек тартип эрежелери
https://drive.google.com/file/d/1gjrd5LfyUGh1MS0Bg3Ab3jMpvRSN7Z-h/view?usp=share_link
1.5
Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу
Билим берүүдө коопсуздук камсыздөө үчүн техникалык коопсуздук эрежелери,өрт коопсуздугу,өзгөчө кырдаал учурундагы коопсуздук,жолдо жүрүү эрежелери, тартипсиздикти алдын алуу,санитардык- гигиеналык эрежелерин сактоо жана алдын алуу боюнча иштер системалуу жүргүзүлөт жана ЧТББ, СЭС,МЧС тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп,сунуштоолор болуп турат. Мектептин ишмердүүлүгүн пландоо,уюштуруу,баалоо жана коопсуздугунун абалына билим берүү процессинин катышуучуларынан сурамжылоо,анкета жүргүзүүнүн негизинде мониторинг жасалган жана көзөмөлдөөнүн жыйынтыгы бар. Мектепте комплекстүү коопсуздук схемасы түзүлгѳн. Ал коопсуздуктун баардык түрлѳрүн камтыйт.Мектептин жарандык коргонуу паспорту иштелип чыккан. Анда жарандык коргонуу планы, кырсык тобокелин азайтуу планы иштелип чыккан жана ар тараптуу коопсуздук боюнча мониторинг жасалган.
1.6
Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу
Ата-энелер комитети менен тыгыз иш жүргүзүлөт.Ата- энелердин кызыкчылыктары, ойлору,сунуштоолору дайыма эске алуу менен ата- энелерди мектепке тарууга багытталган пландуу иш-чаралар иштетилип чыккан.Ата-энелер комитети менен окутуу-тарбиялоо процессиндеги көйгөйлөрдү чечүү,башталгыч класстарында шар окутууда ата- энелер менен биргелешкен иш жүргүзүү,балдардын ден соолугуна,коопсуздугуна кам көрүү,материалдык –техникалык базаны жакшыртуу иштери системалуу жүргүзүлүп келет. Ата-энелер,окуучулар жана класс жетекчилер менен үч тараптуу келишим түзүлгөн.Келишимдин негизинде ар бир тараптын укугу корголот жана жоопкерчилиги жогорулайт. Коомчулуктун ѳкүлдѳрү,мугалимдер,ата-энелер,окуучулар мектептин пландоолоруна катышат.Ата-энелерден анонимдүү баалоо анкеталары алынып турат. Мектепте мектеп парламенти балдар ѳспүрүмдѳр уюму иштейт.БӨУнун ѳзүнүн закондору,эрежелери аркылуу,ѳзүн-ѳзү башкаруу системасында иш алып барышат.Упай системасы менен балдарды окууга тартиптүүлүккѳ чакырууну ишке ашырат.
1.7
Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу
Мектепте окутуу- тарбиялоо процесси билим берүүнү башкаруу системасынын маалымат базасынын негизинде жүргүзүлөт. «Жаңы китеп» 2019-жылы ишке кирип баштаган. Мектептин электрондук почтасы 2019- жылы ачылган.Интернет байланышы 2019-жылы КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Кыргызтелеком компаниясы менен келишим түзүлүп иштеп баштаган. Билим берүүнү маалыматтык башкаруу системасы 2019-2020-жылы ишке киргизилген. Мектеп билим берүүнүн маалыматтык системасынын базасына буйрук менен жооптуу адамды бекиткен жана системалуу түрдө маалыматтарды топтоп берип турат. Билим берүүнүн маалыматтык системасына (ИСУО) мекеме,окуучулар, кызматкерлер, жетишүү, катышуу, каржылоо, инфраструктура ж.б.боюнча берилип турат. Мектеп маалыматтарды билим берүү бөлүмүнөн электрондук почта аркылуу ар дайым активдүу иштеп турат. Мектептин веб- сайты 2022- жылы ачылып иштеп баштаган.
1. электрондук почта: maatmusa.abdyjaparov@gmail.com
https://mabdyjaparov.edu.kg/
2. мектептин сайты: https://mabdyjaparov.edu.kg/
https://mabdyjaparov.edu.kg/
ЗАГРУЗКА…
Күчтүү жактары: Мектептин миссиясын ишке ашырууга багытталган системалуу иштердин жүргөндүгү.Ата- энелер комитетин мектепке тартуу менен мектептин ишинин айкалышы.Демөөрчүлөр менен иштөө.Билим берүүнү башкаруу маалыматтык системасы менен ишти алып баруу.
Алсыз жактары: Улуу курактагы мугалимдер интернеттен маалымат алуу, колдонууну билбегендиги.Айрым ата- энелердин билим сапатын көтөрүүгө таасирин тийгизбегендиги, мектеп менен байланышынын начарлашы. Ата-энеси мигрант болуп балдарын ата- энесине туугандарына таштап кетиши. Демөөрчүлөрдүн аздыгы . Жаш мугалимдерге жергилүктүү бийликтин колдоо көрсөтүүсүнүн аздыгы
Сунуштар: Ата-энелер жана коомчулук мектептин билим сапатын көтөрүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүп турса абдан чоң салым болмок.
2. Кадрдык саясаттын эффективдүүлүгү
Өзүн-өзү баалоо критерийлери
Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары
Тастыктоочу база
2.1
Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Кадрлар саясаты КРнын Конституциясынын жана эмгек кодексинин,мектептин уставынын негизинде жүргүзүлөт.Мектеп директору кызматкер менен эмгек келишимин түзгөн, эмгек келишимдин шарттары КР Эмгек кодексинин негизинде түзүлгөн.Жумушка кызматерди кабыл алып жатканда талап кылынуучу документтер тизме менен берилип,кабыл алынат жана мектептин Уставы, ички эмгек тартиби,эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелери боюнча инструктаждар өткөрүлөт.Соттолгон же КР Өкмөтү бекиткен тизме боюнча медициналык көрсөткүчтөрү бар жарандарга мектепте иштөөгө жол берилбейт. Пед кызматкердин өздүк делолоруна керектүү документтер салынган,квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттардын,сыйлыктардын көчүрмөлөрү,кенже тейлөө персоналдарынын өздүк делолору жана 63,65-беренелерге ылайык эмгек,медициналык китепчелери бар.Мектепте эмгек китептеринин кыймыл боюнча журнал бар. Педагогикалык жана кенже тейлөөчү персоналды кызматтан бошотуу жамааттык келишимге жана КР Эмгек кодексинин 82-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
2.2
Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү
Мугалимдердин штаттык тизмеси базистик окуу планында көрсөтүлгөн окуу жүктөмүнүн жылдык,жумалык ошондой эле чектелген окуу жүктөмүн аныктайт.Базистик окуу планы предметтердин тизмесин белгилейт.Белгиленген предметтердин тизмесинин сааттарын базистик окуу планында аныкталып көрсөтүлөт.Белгиленген предметтердин сааттарына жараша мектеп жетекчиси жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси штаттык курамды бекитет.Окуу жылынын башталышында мугалимдердин кесиптик өздүк курамы такталып РИК-83 кадрдык отчет берилип турат.Жыл башында мугалимдер менен комплектенет.Педагогикалык кенештин №1токтому менен бекитилет.25 пед.кызматкер эмгектенет,сапаттык курамы төмөндөгүдөй: жогорку билимдүү –23 мугалим.Сыйлыктар боюнча: Билим берүүнүн отличниги -2 Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы –7 Жалал-Абад областтык БББнүн грамотасы – 3 Тогуз-Торо РМА грамотасы-10 Тогуз-Торо РБББ ардак грамотасы -8 Мугалимдердин педстажы: 0-5 жыл – 8 5-10 жыл-5 10-15 жыл – 4 15 жылдан жогору – 6
2.3
Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
КР «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдарынын 30,32-беренелери, «Мугалимдин статусу жөнундөгү» 17,18- беренелери, «Балдар жөнүндөгү кодекси»4,5-беренелери,мектептин Уставынын негизинде билим берүү процессинин катышуучуларынын физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыздоо,өз ара мамилелерин баалоо иштери жургүзүлөт. Мектептин физикалык коопсуздугун жүргүзүүчү техникалык паспорт жана жер участогунун актысы болуп саналат. Билим берүү процесси үчүн оптималдуу санитардык-гигиеналык шарттарды камсыз кылуу КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Жалпы билим берүү уюмдарында окутууну уюштуруу жана санитардык-эпидемиологиялык шарт түзүү талаптары» токтомунун негизинде мектепте 2020-жылдын 2- сентябрында № 65 «Эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аныктоо жана талаптарды аткаруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө» буйругу чыгып,ушунун алкагында иштер жүргүзүлөт. Билим берүү процессин жакшыртуу үчүн мугалимдердин ден соолуктарына,иш орундарына шарттарды түзүлүп берилген.Билим берүү процесси
2.4
Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Билим берүү, кенже персоналдардын ишмердүүлүгүн, иштин сапатын, натыйжалуулугун баалоо иштери мугалимдер өздөрүн- өздөрү баалайт жана окуу бөлүм башчысы, методикалык бирикмелердин жетекчилери,уюштуруучу жана чарба башчысы тарабынан бааланат. Мектеп ичинде педагогдордун ишин баалоодо атайын иштелип чыккан көрсөткүчтөрдүн негизинде баа берилет. Индикаторлору; 1.Кесиптик чеберчилик деңгээли,чыгармачылык иштери 2.Класстагы окутуу-тарбиялоо ишин уюштуруу. 3.Предмети боюнча окуучулардын билим сапаты. 4.Мугалимдин кесиптик жагынан өнүгүүсү. 5. Жекече аткаруу тартиби. 6. Окуу жылы ичиндеги жетишкендиктери Окуу жылынын аягында ар бир кызматкердин эмгегине баа берилип,мониторинг жүргүзүлөт. педагогикалык кеңешмеде каралып сыйлыктар объективдүү берилип турат.
ЗАГРУЗКА…
Күчтүү жактары: КР «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамдарынын 30,32-беренелери, «Мугалимдин статусу жөнундөгү» 17,18- беренелери, «Балдар жөнүндөгү кодекси» 4,5-беренелери, КР Эмгек кодекси, мектептин Уставынын, ички локалдык актылар менен иштин жүргөндүгү. Предметтердин адистик боюнча берилгендиги жана жогорку билимдүү кадрлардын болгону.Билим берүүнүн коопсуздугун камсыз кылуучу түзүмдөр менен мектептин байланышы. Кызматкерлердин ишмердүүлүгү бааланып, сыйлыктардын берилип турушу
Алсыз жактары: Айрым мугалимдердин өзүн-өзү баалоосу өтө жогору болгондугу жана улуу мугалимдердин салттуу сабактарты, эски методорду колдонгондугу. Мектепте пенсия алдындагы куракта мугалимдердин айрымдарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү. Жаш мугалимге жергиликтүү бийликтерден эч жардам жоктугу. Мугалимдер жамаатында гендердик маселе же эркек мугалимдердин аз болушу.Психолог штатынын жоктугу.
Сунуштар:
3. Материалдык-техникалык база
Өзүн-өзү баалоо критерийлери
Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары
Тастыктоочу база
3.1
Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушу
Мектеп барак тибинде салынган,типтүү эмес.Имараттын техникалык абалы авариялык. 7 класс кабинетте эмеректер толук жетишпейт, кооптуу, жарыктануу начар, кышкысын от жагуу системасы менен жана ички кабинеттин температурасы кээде 18⁰тан төмөн болуп калат,талапка толук жооп бербейт. Учурда китепканада даярдоо классынын окуучулары окушат жана информатика сабагы да ушул класста окутулат.Окуу кабинеттер жетишпейт. Физика, химия предметтери үчүн лабораториялар жок. Компьютердик класс жок. Окуучуларга информатика предметин окутуу үчүн комьютердин саны жетишпейт. География,орус тили кабинеттеринде смарт телевизорлор бар.Билим берүү министрлиги тарабынан проводной интернет туташтырылган. Интернет жана окуу предметтери боюнча электрондук билим берүү ресурстарын колдонууга кирүү мүмкунчүлүгү мектептин шартына жараша бар.Үй шартында окуу китептери жетишпеген окуучулар өздүк компьютер, ноутбуктары, мобилдик телефондору аркылуу электрондук ресурстарды, китептерди колдоно алышат.
3.2
Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)
Окуу жылынын башында техникалык коопсуздук эрежелери,эмгекти коргоо, жолдо жүрүү эрежелери, санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышы боюнча инструктаж өткөрүлүп турат. Окуучуларга ай сайын жолдо жүрүү эрежелери, санитардык-гигиеналык эрежелер,коопсуздук эрежелери боюнча тарбиялык сааттар өтүлөт. Окуу жылынын башында мектепте коопсуздукту алдын алуу багытындагы буйруктар чыккан.Техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча информатика,химия,физика,биология предметтеринен практикалык лабораториялык иштерди аткарууда, дене тарбия предметтеринен,ийримдер боюнча инструктаж өткөрүлүп, журналга колдору коюлган.Мектептин эвакуациялоо планынын схемасы, өрт коопсуздугун алдын алуу,тез арада эвакуациялоо, авариялык- куткаруу, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын планы КР ӨКМнин райондук (Өзгөчө кырдаалдар) бөлүмү менен бирдикте макулдашылган түзүлүп, пландын негизинде иш- чаралар өткөрүлүп турат.Экологиялык коопсуздукка карата мектептин айланасы жашылдандырылган иштери колго алынган.
3.3
Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
Материалдык- техникалык базаны жакшыртуу иштери менен билим берүү процессин өстүрүүгө багытталган иштер системалуу жүрүп турат. Материалдык- техникалык базаны жакшыртуу иштерин улантуу боюнча мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча жооптуулар отчёттор, анкеталар, сурамжылоолор аркылуу маалыматтарды топтоп мониторинг жүргүзүп турушат. Ар жылы инвентаризациялоо боюнча актылар жүргүзүлүп, мектептин буюмдары жабдылыштарынын сакталышы системалуу түрдө көзөмөлдөнүп турат. Стратегиялык план боюнча да мындан ары материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу максатында иштер үзгүлтүксүз жүрүп турат.2022-жылы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 8 компьютер,2 смарт телевизор,2 принтер ,2 прототив.калонка алынып берилди.2021-жылы материалдык- техникалык базаны чыңдоо максатында көзөмөлчү кеңеши түзүлдү. .
ЗАГРУЗКА…
Күчтүү жактары: Материалдык- техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртууга карата Стратегиялык өнүгүү планын болгондугу. .Жаңы мектептин долбоору түзүлүп,каржылоо чечими кабыл алынгандыгы.
Алсыз жактары: Мектептин авариялык абалы,эскилиги.Компьютерлердин, интерактивдүү доскалардын окуучуларга жетишсиздиги, акылдуу доскалардын жоктугу. Класс кабинеттердин жетишсиздиги. Компьютердик класс,лабораториялардын, спорт залдын,ашкананын жоктугу. Билим берүү чөйрөсүндө коопсуздуктун талаптарынын толук аткарылбашы.Сан.гигиеналык талаптарга толук жооп бербөөсү.Учурдагы мектептин кооптуулугу.
Сунуштар: Авариялык абалдагы мектепте иштеп балдарга билим берүүдө абдан кооптуу учурларды жаратат.Ошондуктан окуучуларга заман талабына ылайык билим берүү үчүн эң биринчи типтүү мектептердин салынышы керек.Курулушу башталып бирок бүтпөй турган мектептер бүткөрүлсө.
4. Финансы ресурстарын башкаруу
Өзүн-өзү баалоо критерийлери
Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары
Тастыктоочу база
4.1
Финансылык пландоо системасынын болушу
КР “ББ” законунун №92 30.04.2003-жылдагы 43-статьясынын негизинде мамлекеттик бюджеттен мектептеги кызматкерлердин айлык акысына, коммуналдык кызматтарга, утурумдук ремонт иштерине, командировкалык чыгымдарга, сырткаркы чыгымдарга Республикалык жана жергиликтүү айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнөт. Пландоодо керектүү чыгымдар жазылат. Көпчүлүк учурда мамлекет тарабына кыскартылат. Айрым учурда проект менен факты айырмалуу болот. Мектепте финансылык пландоо системасы 5 жылга түзүлгөн. Негизги муктаждыктар ата-энелер чогулушунда, директор алдындагы кеңешмеде, өзүн-өзү башкаруу уюмунда аныкталат. Ошонун негизинде суроо талаптары финансы уюмдарында каралат. Мектепте ата-энелер комитети уюштурулган. 1. Мектеп камкоорчулар кеңеши менен тыгыз иш алып барат 2. Мамлекеттик эмес уюмдарга долбоор даярдоо -мектептин веб-сайтын ачуу — интерактивтүү доскалар,техникалык каражаттар менен класстарды камсыздоо
4.2
Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу
Кошумча финансы ресурстарын тартуу боюнча ар кандай иш чаралар өткөрүлүп турат. Мектепте камкорчу кеңеш түзүлгөн.Камкорчу кеңештин төрагасы ата-энелердин чогулушунда отчет берип турат.Мектептеги иш-чараларды уюштурууда окуучулардын облустук,республикалык кароо сынактарга катышуусунда акча каражатын камкорчу кеңешинин эсебинен жүргүзүлөт.Ошондой эле мектептин айрым учурдагы муктаждыктарын чечүүдө колдоо көрсөтөт.Жергиликтүү бюджеттен утурумдук ремонтко, гигиеналык каражаттар жана күнүмдүк керектелүүчү каражаттарга жыл сайын акча каражаты бөлүнөт.1-4-класстарынын окуучуларынын ысык тамагына БУУДАТП долбоорунан ун каражаты алынат.Буга кошумча башталгыч класстын ата-энелери балдардын витаминдүү тамак ичүүсү үчүн жер-жемиш эт жашылчалары менен ай сайын камсыз кылып турушат.Жооптуулар ата-энелер комитетинин курамынан түзүлгөн комиссия мүчөлөрү продукцияны камсыз кылып ,отчет беришет.
4.3
Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
Демөөрчүлөр,коомчулук, ата-энелер менен мектептин байланышын бекемдөөнү улантуу. Окуу жылынын башында стратегиялык ѳнүгүү планына коюлган милдеттерди аткаруу пландалууда.
ЗАГРУЗКА…
Күчтүү жактары: Статьяларга ылайык республикалык жана жергиликтүү бийликтин каржылоосу өз убагында жүргүзүлүп турат.Демөөрчүлөр, коомчулук менен иштөө.
Алсыз жактары: Материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча демөөрчүлөрдүн аздыгы. Коомчулуктун жана айрым ата-энелердин кайдыгерлиги.
Сунуштар: Билим сапатын көтөрүүдө замандын талабына ылайык мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого мамлкеттик деңгээлде көбүрөөк көңүл бурулса.

3. Корутунду

Комиссия жүргүзүлгөн өзүн-өзү баалоонун негизинде тандалган Аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жөнөтүүнү сунуштайт..

Комиссиянын төрагасы:
Орозова Жылдыз
Комиссиянын мүчөлөрү:
Асанбекова Гулзар Идирисовна
Кайыпбекова Айнура Бабырэшеновна
Жумабек кызы Айзат
Асанова Айзада Асылбековна
© 2025 - №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби