A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат"

МЕНЮ

«Акыл таймаш» интеллектуалдык оюн.


18 11 2024
68
                2024-жылдын 15-ноябрында биздин №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде   таланттуу, билимдүү, креативдүү окуучулар жана   окуучулардын  жаркын келечеги үчүн  жардам берип, багыт берүүгө түрткү болгон жана окуучулардын  алып жаткан билимдерин бышыктап, өз ойлорун эркин, ачык, тартынбай айтууга, предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу, дүйнө таанымдарын, кругозорун кеңейтүү максатында чоң класстар арасында «Акыл таймаш»  интеллектуалдык оюну уюштурулуп,өткөрүлдү.Таймашка 8-11-класстардын окуучуларынан түзүлгөн «Зирек» жана «Акыл нуру» командалары катышышты.
Билимдүүгө дүйнө жарык, билим — деңиз,  акыл — кайык, билим кымбат, билүү кыйын демекчи, акыл эстин чыныгы гимнастикасы болгон, кызыктуу жана ар тараптуу  суроолор камтылган бул интеллектуалдык оюн жогорку деңгээлде өттү.
Акыл таймаштын жыйынтыгында «Зирек» командасы  жеңишке жетип, финалдык турга жолдомо алды. Талыкпаган окуу, тынымсыз изденүү сөзсүз ийгиликке жеткирет. Биздин мектептин сүйүктүү окуучулары,  билимиңер өркүндөп, талантыңар ташкындай берсин. Ошентип, кийинки айда дагы,  «Акыл таймашка»  кийинки билермандарды күтөбүз.
Эскерет кетсек бул «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну, мектептин директору Орозова Жылдыз Токтобековна тарабынан демөөрчүлүк кылынып, финалдык турда акчалай сыйлык берилет.

 

 

One Response to “«Акыл таймаш» интеллектуалдык оюн.”

  1. I truly lovce ylur website.. Pleasant collors & theme.
    Did you create this site yourself? Pleae replyy back as I’m lloking too creatre
    my oown persomal ite andd woulod luke to knpw wheere yoou got tgis from or jusst what thee theme iis called.
    Thanks!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2025 - №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби