«Манас таануу» 2-орун.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас»,»Семетей»,»Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Түлөберди манасчынын 290, Чоодан манасчынын 190 жылдыгына карата мектеп окуучулары арасындагы «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын райондук баскычында биздин мектептин «Кырк чилтен» тобу 2-орунга ээ болуп, областка жолдомо алды.
Даярдаган кыргыз тили жана адабият мугалими Мамбеталиева Майрамбү Жолболдуевна.
Добавить комментарий