23-сентябрь «Мамлекеттик тил күнү!»
“Кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынасы. Биздин ата-бабаларыбыз эне тилинде “Манас“ эпосун жаратып, муундан-муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп келген. Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.
Мына бүгүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына туура 35 жыл толуп отурат. Бул маанилүү датага байланыштуу бүгүн №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп жатат. 4а-класстын класс жетекчиси Балапанова Гулгаакы тарабынан даярдалган утренник жана кыргыз тили мугалими Мамбеталиева Майрамбу тарабынан даярдалган музыкалык адабий кече өткөрүлдү.
Түптүү элдин, уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары кыргыз тилибиз
дин учугу узарып, түбөлүгү түз болсун!”
Have yoou ever thought about creating aan e-book or guest authorring onn
other websites? I hav a blogg based on the same topics yoou doscuss andd would
really like too have youu share some stories/information.
I know myy audience woukd appreciate your work. If yoou are evern rremotely interested,feel free
tto send mme ann e mail.