A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат"

МЕНЮ

1.Программалык аккредитация

Мектептин күбөлүгү

Мектептин уставы

Өзүн-өзү баалоону көрүү

1
Негизги маалыматтар
2
Комиссия
3
Отчёттор
4
Бекитүү

Отчёттор

Киришүү

1.1Аккредитациялануучу программалардын тизмеси Жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүү программалары 1.2 Аккредитациялануучу билим берүү программасы боюнча кыскача маалымат Мектептин №1 имараты 1972-жылы.№2 имараты 1973-жылы,ал ашар жолу менен курулган. Дубалы- щит менен тургузулган. Капиталдык оңдоодон өтө элек. 2014-жылы МЧС тарабынан “авариялык абалда” деп чечим чыгарылган.2016-жылы заманбап 225 орундуу республикалык бюджеттин эсебинен 42 млн.500 миң сомдук жаңы мектептин курулушу башталган. Мектептин жалпы аянты- 1261.17м2. Менчиктин түрү-Муниципалдык. Билим берүү уюмунун статусу: №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби. ИНН-02601200710409 https://drive.google.com/file/d/18Wsu5TZBHIbUrnpt5YVCse1nM2zRWvLs/view?usp=share_link ОКПО- 20992771 Окутуу тили: кыргыз тилинде. Проект боюнча 225 окуучуга ылайыкталган. 2021-жылдын ноябрь айында №1 имараты белгисиз себептерден улам өрттөнгөн.Учурда №2 имаратта 252 окуучу авариялык абалдагы мектепте окуп жатат. №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби билим берүү процессин жалпы негизги программаларынын деңгээлдерине ылайык мектептик билим берүүнүн үч баскычында жүргүзөт: — жалпы башталгыч билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү — 4 жыл); — жалпы негизги билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү — 5 жыл); — жалпы орто билим берүү ( окутуунун ченемдик мөөнөтү – 2 жыл); — даярдоо класстары 480 сааттык «Наристе» программасы менен окутулат; №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби-31.10.2013- жылы №0011279 каттоо номери менен Жалал-Абад облусттук Юстиция башкармасы тарабынан катталган. Юридикалык жактан мамлекеттик каттоо күбөлүктүн номери-125712-3303-М-е. 1.3 Билим берүү уюмунун миссиясы: №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби базистик окуу планынын негизинде билим берүүнү камсыз кылат. Ата-энелер, коомчулук менен кызматташтыкта окутууну, тарбия берүүнү жүргүзүп, Мамлекеттик стандарттын негизинде программаларды толук өздөштүргөн билимдүү, компетенттүү, мекенчил жана маданияттуу бүтүрүүчүлөрдү чыгаруу. 1.4 Билим берүү уюмундагы жетекчинин аты-жөнү жана байланыш маалыматтары. Орозова Жылдыз Байланыш телефону: 0770617315 1.5 Билим уюмунун буга чейинки аккредитация жөнүндө маалымат. Аккредитациядан 2017-2018- окуу жылында өткөн. Сертификат №СС180009542 https://drive.google.com/file/d/1X2mN7adTUuS2rjLxaZgfhPWm6wZiQnZa/view?usp=share_link Мектептин дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы,Тогуз-Торо району, Чет-Булак айылы, Ынтымак көчөсү №13 Электрондук дареги: maatmusa.abdyjaparov@gmail.com Веб сайт: https:// abdyjaparov.edu.kg

1. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ

Критерийлери
Жыйынтык
Тастыктоочу база
1.1. Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
Окуу планы КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы №1529/1 «КРнын жалпы билим берүү уюмдарынын 2022/2023-окуу жылы үчүн базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө»буйругунун,базистик окуу планы Түшүндүрмө катынын негизинде түзүлгөн. 2022-2023-окуу жылындагы мектеп компоненти кызыктар тараптардын сунушу жана 23.08.2022-ж №1 педкеңешменин чечими менен 5-класска 1 сааттан математика,8-класска 1 саат кыргыз адабияты,10-класска 1 саат химия сабагына берилген.Даярдоо классы 480 сааттык “Наристе” программасы менен окутулат.Мектептин планы, предметтер боюнча окуу программалары, КТП усулдук бирикмелерде каралып макулдашылып, 23.08.2022-ж №1 педкеңешменин чечими менен каралып,директор тарабынан бекитилген.Предметтик КТП КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы №393 токтомуна,КР Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына,КР Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүүчү талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келет.
1.2. Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
Мектептин окуу-методикалык камсыздоосу окуу жылынын башында КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 16.09.2022-ж №30 «Кут билим» газетасына сунуш кылынган билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн август кеңешмесине карата Методикалык сунуштар,методикалык колдонмолор. Окуу жылынын башында мугалимдер окуу- методикалык камсыздоону усулдук бирикмелердин, усулдук кеңешмелердин иштеринде талкуулап,сунуштап, толуктоолорду киргизип, бекиттирип окуу жылында окуу-тарбия процессинде ишке толук ашырып келишет. Мектепте окуу-методикалык камсыздоо кызыктар тараптардын керектөөлөрүн эске алуунун негизинде түзүлгөн.Нормативдик жана окуу-методикалык иш кагаздары менен иш алып баруу жакшы жолго коюлган:-мамлекеттик билим берүү стандарты;жумушчу планы,жумушчу окуу программасы,тематикалык пландар,мектептин ишинде окуу жана методикалык адабияттар кенири колдонулат. Мектепте 480 сааттык “Наристе”программасы балдарды окууга тартуу максатында көпчүлүк сабактар оюн иретинде өткөрүлөт.
1.3. Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу – методикалык адабияттардын фонду) болушу
Мектепте 252 окуучу окуйт. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Китепкананын фонду – экземпляр китепти түзөт. Алардан: Окуу китептеринин саны – 4344 Көркөм адабият китептер – 2514 Методикалык китептер — 196 Мектеп боюнча китепкана фондунан окуу китептери менен камсыз болушу – 79,69 % ,ата-энелердин көмөгү менен 20%ти түзөт. Баскычтар боюнча китеп менен камсыз болушу 1-4- класстар- 71,31 % 5-9- класстар–85,98% 10-11 класстар–80,73% Класстар боюнча окуу китептери менен камсыз болушу төмөндөгүдөй: 1-класс – 70 %, 2-класс – 50 %, 3-класс – 68 %, 4-класс – 73 %,5-класс – 92,36%, 6-класс – 95%,7- класс – 65 %, 8-класс – 80 %, 9-класс – 67 %,10-класс –70%,11-класс – 85,%. Мектепте бардык баскычтар боюнча окуу китептери окуучулардын контингентине жетишсиз. Мектеп администрациясынын ата- энелер менен сүйлөшүүнүн натыйжасында окуучуларга предметтер боюнча жетпеген окуу китептерин ата- энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) сатып беришкен.
1.4. Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу
Билим берүү программаларын жана окуу- методикалык камсыздоону жакшыртуу үчүн кызыктар тараптардын күтүүлөрүн мезгил менен баалоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоону жүргүзүү иши системалуу жүргүзүлөт.Окуу программасын,окуу-методикалык камсыздоосунун негизги компоненттеринин бири маалыматтык коопсуздукту камсыздоо. Билим берүү программаларын маалыматтык коопсуздуктан камсыздоо чарасы Интернет булактарын коопсуз пайдалануу көйгөйү бар. Администрация тарабынан мугалимдерге маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча билим берүү программалары менен иштөөгө багытталган семинарлар өткөрүлүп турат.Мектептеги билим берүү кызматтарынын натыйжалуулугу ар бир класста өткөрүлөт жалпы ата-энелер чогулушунда талкууланат.Планга ылайык, жумалык кеңешмелерде,директордун алдындагы жана педагогикалык кеңештерде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы талкууланып,анализ берилет.Кызыктар тараптарга «Маалыматтык коопсуздук» боюнча түшүндүрүү иштери ченемдик укуктук акт менен тааныштыруу иштери уюштурулат

Жыйынтык

Окуу планын,билим берүү программаларынын мамлекеттик билим берүү стандарттары, предметтик стандарттардын талаптары менен дал келгендиги. Окуу программалары окуу-тарбия процессинде үзгүлтүксүз ишке ашырылып жана жыйынтыктарынын чыгарылгандыгы. Методикалык колдонмолордун электрондук варианттары менен мугалимдердин камсыз болушу. Окуучулардын электрондук окуу китептерин колдогондугу. Кызыктар тараптардын маалыматтык коопсуздук боюнча түшүнүктөрүнүн болушу.
Айрым предметтер боюнча окуу программалары менен окуу китептеринин темалары, мазмундарынын дал келбегендиги. Китепкана фондунда предметтер боюнча окуу китептери менен окуучулар жана мугалимдер үчүн методикалык пособие , окуу китептердин камсыздалышынын жетишсиздиги . Башталгыч класстын окуучулары үчүн кошумча адабий китептердин жетишсиздиги.
Окуучуларды сабакка кызыктырууда мугалимдер үчүн методикалык китептердин колдонмолору көбүрөөк болсо.Окуучулар үчүн чыгарылып жаткан китептердин сапатына көңул бурулса.

2. КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО

Критерийлери
Жыйынтык
Тастыктоочу база
2.1. Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу
Сабакты пландоодо максаттары так,ченеле тургандай темага карата окуучунун позициясында коюлуп, ага кошумча критерийлери, окуучулар менен талкууланып, түзөөлөр киргизилип турат.Окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруу үч багытта каралат:окуу процессинде баланын турмушуна керектүү окуу материалдарын берүү, керектүү материалдарды издеп табууга үйрөтүү,баланы алган билимин турмушта пайдалана алгандай окутуунун гана үстүндө күнүмдүк сабактар өтүлөт.Негизги жана предметтик компетенттүүлүктү түзүү сабактарда дайыма ишке ашырылып турат. М:маалыматты издөө, фрагменттерди салыштыруу, талдоо жүргүзүү, оюн айтуу,ой жүгүртүү, башка бирөөнүн оюн уга билүү,ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен чечим чыгаруу. Сабактын максатын окуучунун позициясында коюу менен сабактын мазмуну ачылып, колдонулган ыкмалар,баалоолор күтүлүүчү натыйжага алып келгендиги байкалат. Сабакты туура пландоо мамлекеттик стандарттардын талаптарына дал келет, окуучулардын жана ата- энелердин суроо-талаптарына жооп берет
2.2. Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу
Мектепте окуу- тарбия процессинде МКТ жана инновациялык технологияларды,сабактарга даярданууда,өтүүдө,класстан тышкаркы иш- чараларды уюштурууда, маданий-массалык иш-чараларда өтүүдө,тарбиялык иштерде,окуучуларды олимпиадаларга даярдоодо, окуучулардын билимин баалоодо колдонулуп келет.Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар дагы МКТ өздөштүрүүгө жөндөмдүү.Мектепте STEM программасындагы усулдар менен сабак өтүү да натыйжалуу иштерди жана окуучулардын да кызыгууларынын жогорулашын көрсөтүп жатат.Мектеп мугалимдеринин 100% и компьютерде иштей алышат жана интернетти пайдалануу менен мультимедиялык технологияларды колдонушат.-интернетке маалыматты бардык класска жеткирүү жана пайдалануу максатында Wi-Fi пайдаланылат.-эки кабинетте телевизор бар,Wi-Fi менен туташкан.-1 компьютер интернетке кошулган. 3 даана телевизор бар. 2 проектор, 1 түстүү принтер , 3 ксерокс бар. Мугалимдер сабак учурунда колдонуп иштей билишет.Мугалимдердин өздүк 16 ноутбук бар.Сабакка даярданууда пайдаланышат.
2.3. Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу
Окутуудагы жетишкендиктерди баалоо билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык билим берүү процессинде мугалимдердин убагында так маалымат алууга,окуу программасына өзгөртүү киргизүүгө, окуучулардын муктаждыктарына жараша окутуу методдорун ыңгайлаштырууга, билим берүү ыкмаларын жана мугалимдин окуучуга берген кайтарым байланышын өзгөртүүгө болот.Кайтарым байланыш механизми боюнча мугалимге окутуу процессинин өтүп жаткандыгы,окуучунун жетишкендиктери жөнүндө маалымат, ал эми окуучулар күтүлүүчү натыйжаларга карата жетишкендиктери, ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө кеңештерди берет.Жазуу иштерин текшерүүдө конкреттүү сунуштар колдонулат. Наасатчылыктын максаты-жаш адистерге кесиптик деңгээлин көтөрүү менен мектептин кадрдык потенциялын чыңдайт. Жыл сайын жаш адис менен бирдикте кесиптик деңгээлин жогорулатуу планын иштеп чыгат.Жаш адистин сабактарын класстан тышкаркы иштерин байкап, талдап баалайт.Ар бир усулдук бирикме жетекчилери тарабынан сабактарды өтүү графиктери бекиттирилет.
2.4. Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу
Администрация сабактарга катышууда талкуулоодо мугалимдин окуучулар менен сабактын максаттарына, күтүлүүчү натыйжаларга,окуучулардын ишмердүүлүгүнө оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө жетишкенин,кайтарым байланыштан кийин аткарылган ишти баалоосун көрүүгө маани берет.Сабакка анализ берүүдө,натыйжалуу жана натыйжасыз кайтарым байланыш болгондугу ачык айтылып, мугалимге өз ара баалоо сыпаттык баалоо түрлөрү пайдаланылат.Мугалимдин жетишкендигин, кемчилигин айтып өтүшүп баалоо жыйынтыгын эске алуу менен окутуу процессине оңдоолорду киргизүү,окутууну уюштуруунун формасын, окуучунун тутумун эске алуу менен сабакты туура пландаштыруу өзгөртүү,сабакта мурдагы көйгөйлөрдү эске алуу менен диагностикалык баалоо,классты башкаруу боюнча техникаларды пайдалануу, сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен жекече иштөө,калыптандыруучу баалоо сабактын методдорун өзгөртүү боюнча сунуштар берилип, жыйынтыктоочу баалоо болот. Жакшы өтүлгөн сабактардын иштелмелери массалык маалымат каражаттарына чагылдырылат
2.5. Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу
Окуучулардын жетишкендиктери ченемдик –укуктук актылардын негизинде жүргүзүлөт.Мектепте окуучулардын билимин баалоо билим алуу процессинде активдүү катышуусуна,шыктануусуна, предметке болгон кызыгуусуна, умтулуусуна, күтүлүүчү жыйынтыкка өздөрүнүн билимин өз алдынча баалай билүүсүнө,бирин-бири баалап,сын-пикирин,көз карашын билдирүүгө жете алат. Окуучулардын билими сырткы баалоо аркылуу да жүргузүлүп турат, НЦТ, Секом билим берүү борбору, НОВА аркылуу жүргүзүлүп, салыштырмалуу мониторинг жасалат. Баалоо критерийлери күнүмдүк сабактарда,жазуу иштерин жүргүзүүдө,окуу жөндөмдөрүн, долбоорлорду, практикалык иштерде презентация кылууда алдын ала мугалим жана окуучунун катышуусунда иштетилип чыгып,баалоонун айкын ачык болушу үчүн талкуулар жүргүзүлөт.Критерийлер жеке, жупта, топтордо иштөөдө формаларында жана баалоонун бардык түрлөрүндө иштетилип чыгат. Бүтүрүүчү класстар үчүн маалыматтык экзамендик бурчтар уюштурулган жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын баалары илинип турат.
2.6. Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу
Мектеп авариялык абалда.Мүмкүнчүлүккө жараша гигиеналык-санитардык шартты түзүү,экологиялык коопсуздук (таза суу,туура тамактануу, жарыктандыруу, энерго-эффективдүүлүк,ыңгайлуу температура,желдетүү,жашылдандыруу) социалдык коопсуздук ( укугунун чектелбеши,зомбулуктун жоктугун камсыздоо),толеранттуу атмосфераны түзүү,кызматкерлеринин ,окуучулардын ден соолугуна кам көрүү иштери колго алынып турат.Жогоруда саналган багыттар боюнча иштер жылдык пландын негизинде жүргүзүлөт.Коопсуздукту камсыз кылууда бардык структуралар жана ата- энелердин өнөктөштүгү менен ишке ашырылат. Социалдык коопсуздугун камсыздоо,алдын алуу иштерин колго алуу максатында ИДН кызматкери менен уюштуруучу тыгыз иштерди жүргүзүп турат. Өзгөчө кырдаал,өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча көндүмдүк сабактар жыл ичинде өткөрүлөт.Соцпедагог,уюштуруучу,класс жетекчилер тарабынан алдын алуу иш-чаралары мугалимдерге,окуучуларга коопсуз,өнүктүрүүчү психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү үчүн түшүндүрүү иштер жүргүзүлөт.
2.7. Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы
Окуучулардын билимин ички баалоо ишмердүүлүгү бөлүм,главалар, чейректер бүткөндө тесттик, жазуу иштери аркылуу баалоолор жүргүзүлөт.Администрациялык текшерүүчү,чейректик, жыйынтыктоочу баалоолор аркылуу жүргүзүлөт.Чейректер ай сайын предметтер, класстар,боюнча окуучулардын билиминин натыйжаларынын динамикасы (мониторинг) жүргүзүлүп,анализ жазылат.Тышкы баалоодо 11-класстар райондук билим берүү бөлүмү,НОВА,СЕКОМ билим берүү мекемеси,9,10,11–класстар НЦТнын тестирлөөсүнөн жыл ичинде өтүп турушат. ЖРТгө даярдык иштери үзгүлтүксүз жыл ичинде мектеп ичинде предметтер боюнча кошумча окутуу,Нова, Секом билим берүү мекемеси аркылуу окутуу аркылуу жүргүзүлөт.Ички,тышкы баалоо иштери системалуу жүргүзүлөт жана жыйынтыгы боюнча динамикасы (мониторингдер) педагогикалык кеңешме,усулдук бирикмелердин кеңешмелеринде каралып,талкууланат.Башталгыч класстын билим сапатын текшерүү үчүн жазуу иши, окуу темпи ай сайын текшерилип,мониторинг жүргүзүлөт.Ар бир класстын билим сапатына мониторинг жүргүзүлөт.
2.8. Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу
Мектепте көрүнүктүү жерде “Ишеним почтасы” орнотулган,“Ишеним почтасы” мектептин соц педагогу тарабынан көзөмөлгө алынып турат.Почта түзүлгөн комиссия мүчөлөрү менен ачылып,жабылат.Эгерде окуучулардын чөйрөсүндөгү кайрылуулар,арыздар,тартип менен байланыштуу маселе болсо мектеп администрациясы,мектептин соц педагогу,уюштуруучусу, класс жетекчи,ата-энелер менен бирге маселе чечилет.Акыркы 5-10 жыл аралыгында көзөмөлдөн чыгып кеткен,чоң маселелер катталган жок. Администрация тарабынан кызыктар тараптардын кайрылуулары,арыздары каралып,журналга катталып,3 күндүн ичинде жооп берилет.Кызыктар талаптардын кайрылуулары,арыздарына жооп берүү тартиби «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат.ЖМАны жүргүзүүдө талаш-тартыш комиссиясы тарабынан укуктук актылардын негизинде окуучулардын билимин баалоодо адилеттүүлүк болуп турат.Кайрылуулар мугалимдердин жыйналышында,профсоюздун ишинде каралып,жыйынтыгы берилет.Талаш-тартыш маселелери өз убагында чечилет.

Жыйынтык

Окутууну баалоо КРнын билим берүү, предметтик стандарттарынын талаптарынын, укуктук- ченемдик актылардын негизинде айкын- ачык жүргүзүлгөндүгү. Мугалимдердин МКТ, интерактивдүү методдорду колдонуу менен окуу- тарбия процессин уюштургандыгы. Кайтарым байланыш механизмдерин туура жүргүзүү менен жетишкендик, кемчиликтерди табуу менен убагында оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүү.Билимдерин баалоодо мониторинг жүргүзүлүп, анализ жазылгандыгы. Алдын алуу иштеринин системалуу жүргөндүгү.
Мугалимдердин 10%ти МКТны өздөштүрө албагандыгы.Электрондук китеп менен иштөөдө мектепте,үй шартында интернеттин толук жетишпегендиги.Класс-кабинеттердин интернетке толук кошулбагандыгы.Интерактивдүү доска,акылдуу панел,компьютердик техниканын жетишпегендиги.Мектеп авариялык абалда болгондуктан толук кандуу шарттын жоктугу.Класс кабинеттердин жетишсиздиги,тардыгы айрым санитардык талаптарга жооп бербей калышы.Мектепте ашкананын жоктугу.77 окуучуга ысык тамак берүү мүмкүнчүлүгү жок.Мектепте видео көзөмөлдүн жоктугу.
Окуучуларга билим, тарбия берүүдө мектептердин шартын жакшыртуу менен көбүрөөк иш алып барылса.Заман талабына ылайык окуучулардын билим алуусу үчүн толук кандуу шарт түзүлсө.

3. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

Критерийлери
Жыйынтык
Тастыктоочу база
3.1. Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү
Мектепте 25 пед кызматкер эмгектенет,адистиктери боюнча сабактар берилет,сапаттык курамы төмөндөгүдөй: Жогорку билимдүү –23 мугалим орто билимдүү-2 мугалим Кыргыз тили мугалими -3 Орус тил мугалими -3 Англис тили мугалими -1 Математика мугалими — 1 Физика мугалими -1 Химия- биология мугалими – 2 География мугалими – 2 Тарых мугалими- 1 Башталгыч класстын мугалими-7 Технология,музыка мугалими- 1 Дене тарбия мугалими-1 Сыйлыктар боюнча: — Билим берүүнүн отличниги -2 — Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы –7 -Жалал-Абад областтык БББнүн грамотасы – 3 -Тогуз-Торо РМА грамотасы-10 -Тогуз-Торо РБББ ардак грамотасы -8 Мугалимдердин педстажы: — 0-5 жыл – 8 — 5-10 жыл – 5 — 10-15 жыл – 4 — 15 жылдан жогору – 6 Мугалимдер бардык предметтерди адистиги боюнча беришет жана дипломдоруна шайкеш келет.Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында Билим берүү Академиясынан онлайн курстардан өтүп турушат.Курстан өтүү боюнча көрсөткүч 2021-2022-жылы 78% түздү.
3.2. Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Мектептин физикалык жана психологиялык коопсуздук чөйрөнү камсыздоо максатында ата-энелер жана кызыктар тараптар менен ар кандай сурамжылоолор, чогулуштар өткөрүлүп турат. Мектептин жарыктандыруусу, жылуулугу, санитардык талаптарга жооп берүүсү, ички эрежелеринин сакталышы, коопсуздук чөйрөсү ж.б.у.с. анкеталар алынып турат. -Балдарга психологиялык коопсуз жагдай түзүүнүн сурамжылоосун мектеп администрациясы, соц педагог менен бирдикте жүргүзөт. Балдардын ден соолугун коргоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн ФАП кызматкери менен мектеп бирдиктүү иш алып барат .Социалдык педагог анкета жүргүзөт жашыруун кутуча пайдаланылат,ар бир айда комиссия курамы менен ачылып протокол түзүлөт. Ар кандай психологиялык коопсуздукту алдын алуу үчүн кутуча ичиндеги көйгөйлөр ата эне, окуучу менен бирдикте маек жүргүзүүү менен чечилет. ИДН кызматкерлери менен тарбия завуч,соц педагог ай сайын алдын алуу иштерин жүргүзүп, чогулуштарды өткөрүп турат.
3.3. Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу
Педагогикалык кадрлардын кесиптик билимин жогорулатуу иштери мектепте түзүлгөн план-графиги боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу үчүн жыл сайын РИПКдан өтүп келишет.Администрация тарабынан мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууга багытталган методикалык жардам берүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.Насаатчылык системасы жана жаш адис мектебинин биргелешкен планы бар жана системалуу иш жүргүзүлөт.Жаш адистерге семинар- тренингдер өткөрүлүп турат. Мындан тышкары мектеп администрациясы, мугалимдер республикалык, район аралык методикалык бирикмелерде кесиптик билимин жогорулатуучу кыска мөөнөттүү тематикалуу семинар-тренинге катышуусу окуу-тарбия процессинин жакшыртылышына оң таасирин тийгизип келет.Мектеп миссиясынын негизинде мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууга, окутуунун методикаларын жакшыртууга багытталган администрация, методикалык бирикмелердин тематикалуу семинар- тренингдер, практикалык сабактар, мастер-класстар өткөрүлөт.

Жыйынтык

Мектепте бардык предметтер адистиктери менен берилиши, мугалимдердин жогорку билимдүү болушу жана предметтердин толук берилиши.Мектепте физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнүн болушу.Алдын алуу иштеринин системалуу жүрүшү.Мугалимдердин системалуу түрдө квалификациясын жана өз билимин жогорулатып туруусу. Кызматкерлерди мотивациялоонун болгондугу.
Айрым мугалимдердин традициялуу сабак берүү методдорунун эскиргендиги, чыга албагандыгы жана калыптанып калгандыгы. Айрым мугалимдердин квалификациясын жана өз билимин жогорулатуучу курстарга бара албай калышы.
Адистердин квалификациясын жана өз билимин жогорулатуу үчүн курстарды окутууда толук кандуу маалыматтар берилип туруу менен өз деңгээлинде чыгармачылык менен ,инновациялык методдорду колдонууну үйрөтүү курстары окутуу замандын талабы.

4. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

Критерийлери
Жыйынтык
Тастыктоочу база
4.1. Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушу
Мектепте 8 компьютер,2 проектор,2 ксерокс,3 принтер,2 смарт тв, 1 түстүү принтер, мугалимдердин өздүк 15 ноутбуктары.Компьютердик класс жок.Информатика предметин окуу үчүн комьютердин саны жетишпейт.Окуу кабинеттер жетишпейт. Окуу- кабинеттеринде интернетке туташкан телевизорлор бар.Мектептин спортзалы,мини футболдук аянтчасы жок. Спорт аянты,спорттук жабдыктары жок. Окуучулардын ден соолугун чыңдоого, кам көрүүгө толук шарттар жок.Интернет жана окуу предметтери боюнча электрондук билим берүү ресурстарын колдонууга кирүү мүмкунчүлүгү мектептин шартына жараша бар. Үй шартында окуу китептери жетишпеген окуучулар өздүк компьютер, ноутбуктары, мобилдик телефондору аркылуу электрондук ресурстарды, китептерди колдоно алышат. Мектептин материалдык техникалык базасын жакшыртуу, көйгөйлөрдү чечүү максатында стратегиялык өнүктүрүү планы менен иштер жүргүзүлөт.
4.2. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)
Мүмкүнчүлүккө жараша мектептин окуу- тарбия процессинин жүрүшүнө шарттар түзүлгөн жана техникалык коопсуздуктун эрежелерин сактоо менен талаптарына ылайык иш алынып барылат. КР Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11- апрелиндеги № 201 токтомунун “Жалпы билим берүү уюмдарында окутууну уюштуруу жана санитардык эпидемиологиялык шарт түзүү талаптары” токтомунун санитардык- эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу максатында окуучулардын ден соолуктарын сактоого багытталган жана окуу имаратынын аймагына, жайгашуусу, жабдылышы,аба- жылуулук режими, жарыктандыруу,суу менен камсыз кылуу жана канализация, билим берүү процессинин режими, окуучуларды жана мектептин кызматкерлерин медициналык кароодон өткөрүү, мектептин санитардык абалы жана аларды күтүү, башталгыч класстарында тамактанууну уюштуруу боюнча иштер жүрүп турат.Өрттөн коргонуучу шаймандар бар. Техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча мугалимдерге жана окуучуларга инструктаж өткөрүлүп, журналга колдору коюлган.
4.3. Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
Материалдык- техникалык базаны жакшыртуу иштери менен билим берүү процессин өстүрүүгө багытталган иштер системалуу жүрүп турат. 2018-жылы Каргалык айыл өкмөтү тарабынан эскилиги жеткен 1-2-корпустун чатырлары алмаштырылган.2018-окуу жылында айыл өкмөтү тарабынан 1шт проектор алынып келинген.2019-жылы Каргалык айыл өкмөтү тарабынан 1 шт принтер,2020-2021-жылы БУУДАТПнын колдоосу менен тамак-аш бышыруучу ашкана эмеректери алынып келинген.»Баатай Ата»коомдук фондунун демөөрчүлүгү менен 62шт адабий китептер алынып келинген.2021-2022-окуу жылында Казарман коомдук фонду тарабынан 8шт компьютер ,2шт смарт тв,1 шт цветной принтер,1шт черный принтер,2шт прот.калонка,2шт умывальник алынган.Демөөрчүлөрдүн жардамы менен музыкальный центр берилди.Мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча жооптуулар отчет,анкета,сурамжылоо аркылуу маалымат топтоп мониторинг жүргүзүп турушат.Инвентаризациялоо боюнча актылар жүргүзүлүп мектеп буюмдарынын сакталышы системалуу түрдө көзөмөлдөнүп турат.

Жыйынтык

Материалдык- техникалык база жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу иштеринин системалуу жүрүшү.Мугалимдердин өздүк компьютердик техникаларынын болгону.Экологиялык коопсуздуктун, техникалык, өрт коопсуздугунун, башталгыч класстарында тамактанууну уюштуруу иштеринин туура жүргөндүгү.Коопсуздукту алдын алуу планын структуралар менен биргелешип түзүп иш алып баргандыгы.Демөөрчүлөр менен тыгыз байланыштын бардыгы.Стратегиялык өнүгүү планынын болгондугу. Мектепте көзөмөлчү кеңештин уюштуруп иш алып баруусу.
Мектептин эскилиги, компьютердик класстын,лабораториялык кабинеттин, спорт залдын, кичи футбол аянтчасынын жоктугу. Акылдуу панел, интерактивдүү досканын, компьютердин, химия, физика сабактарынан лабораториялык приборлордун, класстарда интернет булактарынын жетишсиздиги. Энергияны үнөмдөө (лампалар), санитардык- гигиеналык ченем, талаптардын аткарылгандыгынын толук талапка жооп бербөөсү.
Техникалык жана өрт коопсуздугун сактоодо окутуулар атайын адистер тарабынан практика жүзүндө көбүрөөк ишке ашыруу колго алынуу үчүн атайын кабинеттер уюштурулса.Мектептин билим сапатын көтөрүү үчүн ар кандай сынактарга,конкурстарга катышууда замандын талабына ылайык деңгээлде тапшырмаларды аткаруу үчүн мектептин толук кандуу шартынын болушу.
© 2025 - №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби