A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат"

МЕНЮ

1-октябрь «Эл аралык карылар күнү».


2 10 2024
49
           “Карынын кебин капка сал” демекчи, келечекти көрө билип, жаш муунду туура жолго тарбиялоодо ак сакалдуу аталардын кеби, ак элечектүү апалардын акылы туңгуюктан жол тапкандай эле. Арийне, көптөгөн кылымдардан бери карай кыргыз калкы өз карыларын кастарлап жогору коюп, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келгендигин нускалуу тарыхыбыз таамай айгинелеп турат. Бүгүн №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин Балдар Өспүрүмдөр уюмун жетектеген башталгыч класстын мугалими Ниязова Ализа жана биология мугалими Рахман кызы Жаркын Чет- Булак айылындагы ардагер мугалимдерди 1-октябрь Эл аралык карылар күнү менен куттуктап чакан концерттик программа уюштуруу менен белектерди беришти.
Андан тышкары парламенттеги окуучулардан түзүлгөн «Жумушчулар» командасы айыл ичиндеги кары адамдардын үйүнө барышып жардам беришип,үйлөрүнүн тегерегин тазалап, таштандыларды чыгарып, ирээтке келтирип, карылардын батасын алып кайтышты.
Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү болгон биздин аталарыбыз, апаларыбыз сиздерге талыкпаган эмгегиңиздер жана жаш муундарга үйрөтүп келе жаткан салт-санаа, нарк-насилиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Ар дайым ден соолукта жана жакындарыңыздын камкордугунда болуңуздар!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2025 - №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби