A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат"

МЕНЮ

1-cентябрь «Билим күнү»


2 09 2024
66
           Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана окуучулар!Сиздерди чын жүрөгүмдөн 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайм!Бул жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы!
Бүгүн биздин №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде
1-сентябрь «Билим күнүнө» карата «Саламатсыңбы,татынакай мектебим» аттуу салтанаттуу азем болуп өттү.Салтанаттуу аземге Райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси: Маметкулов Ч.Ж, Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси: Тазабекова З.Т,Каргалык айыл өкмөтүнүн башкы адиси:Эрмекова Б.М,Райондук Ички иштер бөлүмүнөн Токтоболотов И.Н келип катышышты.
Салтанаттуу азем кичинекей бөбөктөрдүн ыр,бийлери менен коштолуп,КРнын Гимни менен жыйынтыкталды.
Аземдин экинчи бөлүгү КРнын Эгемендүүлүгүнүн күнүнө жана Билим күнүнө жана Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата ачык тарбиялык сабактар менен уланды.
1-4-класстарга “Билим – бул күч” темасында, 5-11-класстын окуучуларына “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өтүлүүдө.
Белгилей кетсек, быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен, жаңы окуу жылы 2-сентябрдан башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2025 - №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби